Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгөртγүлөрдү киргизүү жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 16-декабры № 707 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгөртγүлөрдү киргизүү жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлѳрдү киргизүу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүγлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-6.) төмөнкγдөй өзгөртγү киргизилсин: 19-статьянын 2-бөлүгү төмѳнкүдѳй редакцияда берилсин: «Мамлекеттик менчикке таандык мүлктγ ижарага берүүдөн алынган киреше төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 50 пайызы республикалык бюджетке чегерилет;
- 50 пайызы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан мамлекеттик администрациялык имараттарды (жайларды) кармоого жана оңдоого, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча тооруктарды уюштуруу жана жүргүзуүгө пайдаланылат.».
2-берене «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-6.) төмөнкүдөй ѳзгѳртүү киргизилсин: 38-статьянын экинчи сүйлѳмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Материалдык-техникалык базаны ижарага берγүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бѳлүштүрүлөт.».
3-берене «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-6.) тѳмѳнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 46-берененин жетинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Материалдык-техникалык базаны мамлекеттик эмес (жекече) уюмдарга ижарага берүүдѳн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.».
4-берене «Маданият жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-6.) төменкүдөй ѳзгѳртүү киргизилсин: 36-берененин бешинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Материалдык-техникалык базаны ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.».
5-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 10-июнундагы № 5186-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө"…Постановление · 10.06.2015 · № 5186-V
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 129-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим…Постановление · 23.12.2015 · № 129-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 527-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият…Постановление · 18.05.2016 · № 527-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 462-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият…Постановление · 14.04.2016 · № 462-VI
Шилтеме берет (6)
- Маданият жөнүндөЗакон · 07.04.2009 · № 119
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон