# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 702 "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 702 "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 702
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17779/edition/747701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 702 "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" (12.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97189

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 12-декабры № 702 "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекегтик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкметү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүнде конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекегтик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инсиекциянын директору ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫИЫН МЫЙЗАМЫ

Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу

1-берене 1979-жылдын 26-октябрында кабыл алынган Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулсун.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) билдирсин.

3-берене Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ядролук материалдарды физикалык коргоо учүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
