# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну ѳркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну ѳркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 705
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17776/edition/610935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну ѳркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97186

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 15-декабры № 705 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну ѳркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацы темөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- келерки финансылык жылга ишкананын бюджетин жыл сайын иштеп чыгышсын жана тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашып, тийиштүү финансылык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго беришсин;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
