# Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700 "Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ" мамлекеттик мекемесин тγзγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700 "Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ" мамлекеттик мекемесин тγзγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 700
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17773/edition/629082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700 "Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ" мамлекеттик мекемесин тγзγγ жѳнγндѳ" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97183

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 11-декабры № 700 «Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ» мамлекеттик мекемесин тγзγγ жѳнγндѳ

(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 177, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Социалдык тейлѳѳнγн стационардык мекемелери кѳрсѳткѳн альтернативдγγ социалдык кызматтарды ѳнγктγрγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ) тγзγлсγн.

2. Чγй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясына Шопоков шаары, Шопоков кѳчѳсγ, 9 дарегинде жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлигине Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн жайгаштыруу γчγн белгиленген тартипте берγγ сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлиги:

- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγнγн уставын жана штаттык ырааттамасын иштеп чыксын жана бекитсин;

- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон ѳткѳрсγн;

- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн каржылоону Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлигинин бюджетинде тиешелγγ жылга каралган каражаттардын чегинде жγзѳгѳ ашырсын;

- ѳз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кѳрсγн.

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
