Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 28-ноябры № 687 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү “Кызыл-Бел – автожолу”, “Кайрагач – автожолу”, “Манас – аэропорту”, “Ош – аэропорту” жана “Кызыл-Кыя – темир жолу” өткөрмө пункттарын стационардык радиациялык порталдуу мониторлор менен жабдууга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи - он экинчи абзацтар менен толукталсын:
“- “Кызыл-Бел – автожолу”, Баткен облусу, Баткен району, Кызыл- Бел айылынын түштүк чет жагы;
- “Кайрагач – автожолу”, Баткен облусу, Лейлек району (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы);
- “Манас – аэропорту”, Чүй облусу, Сокулук району, Эл аралык “Манас” аэропорту;
- “Ош – аэропорту”, Ош шаары, “Ош” аэропорту;
- “Кызыл-Кыя – темир жолу”, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, “Кызыл-Кыя темир жол” станциясынын 38-жол айрыгы.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү…Постановление · 26.10.2011 · № 674
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон