# КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 1-декабрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 1-декабрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17756/edition/1258466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 1-декабрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97166

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014–жылдын 1-декабры № 688 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планындагы 1.2-милдеттин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июнундагы № 420 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
