Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V „Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча“ токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 28-ноябры № 682 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V «Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча» токтомун ишке ашыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V «Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча» токтомун, Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун 2014-жылдын 31-июлдагы № 46 кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-мартындагы № 148 «Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондуна жер участогун берүү жөнүндө», 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 «Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө» токтомдору менен берилген 15,64 га аянттагы жер участогун пайдалануу укугун токтотуу жана Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекске кирген бул жер участогун объекттери менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун (мындан ары - Фонд) сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-мартындагы № 148 «Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондуна жер участогун берүү жөнүндө», 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 «Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө» токтомдору менен берилген, Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекске кирген 15,64 га аянттагы жер участогун объекттери менен кошо пайдалануу укугу 2014-жылдын 1-июнунан тартып токтотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекске кирген 15,64 гектар аянттагы жер участогун объекттери менен кошо белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу кеңеши тарабынан бекитилген, Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекстин идеясынын сакталышын камсыз кылсын;
- Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексин андан ары иштетүү жана күтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- анын аймагында скульптуралык композицияларды түзүү боюнча иштер толук аяктагандан кийин Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте эки айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун жана объекттерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна карата укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлу № 431 "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2017 · № 431
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтомуПостановление · 13.07.2017 · № 431
Шилтеме берет (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майы № 4068-V "Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча" токтомуПостановление · 22.05.2014 · № 4068-V
- Постановление Правительства КР от 20 марта 2003 года №148 "О предоставлении земельного участка Благотворительному Фонду имени Курманжан Датка"Постановление · 20.03.2003 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 "Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2008 · № 507
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.