# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17753/edition/1196557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97163

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 28-ноябры № 681 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук жактан коргоону жакшыртуу максатында, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 2-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына” деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:

5-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы” деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:

“Мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн онунчу абзацындагы “http://www.pogran.gov.kg” деген сөздөр “http://www.border.gov.kg” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
