# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-ноябрындагы № 676 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-ноябрындагы № 676 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 676
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17752/edition/694729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-ноябрындагы № 676 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (26.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-ноябры № 676 Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Япония эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) кабарласын.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
