Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-ноябры № 676 Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Япония эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) кабарласын.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-декабрындагы № 4616-V "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык…Постановление · 18.12.2014 · № 4616-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-декабрындагы № 4614-V "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык…Постановление · 18.12.2014 · № 4614-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-декабрындагы № 4615-V "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык…Постановление · 18.12.2014 · № 4615-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас…Закон · 22.01.2015 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон