КР «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Постановление Правительства КР от 3 февраля 2020 года № 51 "О вопросах организации службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-03.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 24-ноябры № 673 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарында иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобонун 21-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- 2015-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин кеңейтүү боюнча иш жүргүзсүн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын орто жана жогорку жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы бөлүктөрүнүн жана кызматынын кенже, орто жана жогорку жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 3 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтому менен бекитилген)Положение · 14.08.2012 · № 560
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарында иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 24.11.2014 · № 673 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 14.08.2012 · № 560 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө ЖОБО" (КыргызРеспубликасынын…Положение · 16.09.2016 · № 495 · Күчүн жоготкон