Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмѳтүнүн «Жарнак жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоо киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 24-ноябры № 665 «Жарнак жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоо киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесиннн 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдγ жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене «Жарнак жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлѳр жана толуктоо киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы «жана/же анын аймактык органдары» деген сөздөр алып салынсын.
2. 1-берененин 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул Мыйзамдын максаттары ак ниет атаандаштыктын принцип терян сактоонун негизинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана ишенимдγγ жарнак алуу укугун ишке ашыруу, социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруу жана жайылтуу үчун жагымдуу шарттарды түзүү, жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу, жарнактын керектөөчүлөрүн адаштырууга же болбосо жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чѳйрөгө зыян келтирүүгө же көрсөтүлгөн жактардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге зыян келтирүүгө жөндөмдүү талаптагыдай эмес жарнакка бөгөт коюу болуп саналат».
3. 6-беренеде:
мамлекеттик тилдеги тексттин 4-абзанындагы «жазгырмалуу деп эсептелет» деген сѳздѳр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: «атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кара ниет атаандаштык белгилерин камтыса жазгырмалуу деп эсептелет».
4. 31-берененин 4-пунктундагы «(алардын кызмат адамдарынын)» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий булакта жарыяланууга жатат.
2. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнѳ кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4515-V "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.11.2014 · № 4515-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4556-V "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.12.2014 · № 4556-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4539-V "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2014 · № 4539-V
Шилтеме берет (3)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон