# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 669 "Энергетика жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 669 "Энергетика жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 669
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17736/edition/694695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 669 "Энергетика жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97145

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 24-ноябры № 669 "Энергетика жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республнкасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республнкасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуү тууралуу

1-берене "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" 1996-жыл № XI) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: "Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү; Евразия экономнкалык союзунун келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.". 2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.

2. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
