# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 657
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17725/edition/595365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 19-ноябры № 657 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү женүндө жободо:

- 6-пункттун биринчи абзацындагы "Юстиция министрлигине алар түшкѳн күнү" деген сөздөр "расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын,

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткендөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
