# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 641
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17715/edition/1257584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97118

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 12-ноябры № 641 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алуунун уюштурулушун камсыздашсын;";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:

2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алса болот."; 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын: "- реалдуу режимде видео-конференц-байланышка чыгуу менен;",

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
