# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 625
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17697/edition/1151276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97098

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 4-ноябры № 625 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү).";

- бул токтомдун тиркемесине ылайык автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү) менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 токтомуна тиркеме

Автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын СТАВКАЛАРЫ (ӨЛЧӨМДӨРҮ)

Экономикалык иштин түрү

Салык базасы

Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү), (сом менен)

Башка региондор жана шаарлар үчүн

Бишкек жана Ош шаарлары үчүн

Автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жууп-тазалоочу орун үчүн)

Жабылган (жабдылган) жайларда

4000

3000

Жабылбаган (жабдылбаган) жайларда

3000

2000

Эскертүү: Салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон, автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө салыктын суммасын аныктоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 351-беренесине ылайык оңдоо киргизүүчү коэффициенттер колдонулат.
