# КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 612
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17688/edition/902128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (23.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 23-октябры № 612 Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү жаатындагы маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жыгач породаларын кыюуга уруксат берүүнү регламенттөө максатында эки айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери 2015-жылдын 1-мартына чейин, бирок кабыл алынышы ушул токтомдун 2-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн кечиктирбей колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 450 “Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
