Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 23-октябры № 612 Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү жаатындагы маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жыгач породаларын кыюуга уруксат берүүнү регламенттөө максатында эки айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери 2015-жылдын 1-мартына чейин, бирок кабыл алынышы ушул токтомдун 2-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн кечиктирбей колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 450 “Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 652 "Об утверждении Правил рубки особо ценных древесных пород в Кыргызской Республике"Постановление · 31.12.2018 · № 652
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 450 "Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2013 · № 450 · Күчүн жоготкон
- "Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү" Эрежеси (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 5-августундагы № 450 токтому менен бекитилген)Правила · 05.08.2013 · № 450 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 450 "Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2013 · № 450 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “23” октябры…Постановление · 23.10.2014 · № 612 · Күчүн жоготкон