# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 609
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17685/edition/1181968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97084

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 22-октябры № 609 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык редакциясына ылайык) Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

“31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерге ишинин сапаты жана натыйжасы үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин. Аталган дем берүүчү төлөөлөр кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.”.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 286 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 398 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 325 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 459 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
