# КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 "«Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 "«Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17682/edition/624380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 "«Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97079

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 29-августу № 498 «Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
