# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-октябрындагы № 599 "Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-октябрындагы № 599 "Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 599
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17671/edition/587459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-октябрындагы № 599 "Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине алуу жөнүндө" токтому (14.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97068

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 14-октябры № 599 Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174 жана 175-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2011-жылы чыгарылган, «Volkswagen Tiguan» маркасындагы, кыймылдаткычынын № CAW130211, кузовунун

№ WVGZZZ5NZCW538177 ак түстөгү автотранспорт каражатын бажы режиминде мамлекеттин пайдасына баш тартууну тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алып, анын наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тикелей башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте тикелей башкарууга кабыл алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
