# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 "Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 "Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 583
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17659/edition/807249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 "Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (15.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 583 Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 токтому менен бекитилген

Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Аталышы

БС ТН ТЭИнин коду\*

1. Фитосанитардык коркунучу жогорку карантиндик продукция (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар)

1

Илимий-изилдөө максатындагы кенелер, нематоддор жана тирүү курт-кумурскалар

0106 90 001 0

2

Тамырдын тоголок башы, тоголок тамырлар, вегетация, вегетативдүү тынч абалдагы же гүлдөгөн тамырлар, анын ичинде жайылган тамырлар; 1212 товардык позициясындагы тамырлардан башка, өсүмдүктөр жана цикорийдин тамырлары

0601

3

Башка өскөн өсүмдүктөр (анын ичинде анын тамырлары), калемчелер жана бутакчалар

0602 (0602 90 100 0 башка)

4

Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн жаңы түзүлгөн гүлдөр жана бутондор, изилдөө максаттары үчүн жаңы түзүлгөн гүлдөр

0603 11 000 0 - 0603 90 000 0

5

Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн кургатылган үзүлгөн гүлдөр жана бутондор

0603 90 000 0дөн

6

Рождество бак-дарактары

0604 20 200 0

7

Ийне жалбырактуу дарактардын бутактары

0604 20 400 0

8

Гүлдөрсүз же бутондорсуз жалбырактар, бутактар жана өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрү, гүлдестелерди жасоо үчүн же декоративдүү максаттар үчүн жарактуу жаңы, кургатылган, иштетилбеген чөптөр

0604 20 900 0 ичинен 0604 90 910 0 ичинен

9

Жаңы же муздатылган картөшкө

0701

10

Жаңы же муздатылган томаттар

0702 00 000

11

Пияз, шалот пиязы, чеснок, пияз-порей жана башка жаңы же муздатылган тоголок баштуу жашылчалар

0703

12

Тоголок капуста, түстүү капуста, кольраби, жалбырактуу капуста жана жаңы же муздатылган Brassica түркүмүндөгү ушул сыяктуу жегиликтүү жашылчалар

0704

13

Жаңы жана муздатылган салат-латук (Lactuca sativa) жана цикорий (Cichorium spp.)

0705

14

Сабиз, шалгам, ашкана кызылчасы, козлобородник, тамырлуу сельдерей, чамгыр жана жаңы же муздатылган ошол сыяктуу тамыры жегиликтүү жемиш

0706

15

Жаңы жана муздатылган бадыраңдар жана корнишон

0707 00

16

Тазаланган же тазаланбаган, жаңы жана муздатылган буурчак жашылчалары

0708

17

Жаңы жана муздатылган башка жашылчалар

0709

18

Себүү үчүн гибриддүү кант жүгөрүсү (Zea mays var. saccaharata)

0712 90 110 0

19

Кургатылган, тазаланган, кабыгы аарчылган же аарчылбаган, майдаланган же майдаланбаган буурчак жашылчалары

0713

20

Маниок, маранта, салеп, жер алмуруту же топинамбур, таттуу картөшкө же батат жана крахмалы же инулини жогору ошол сыяктуу тамыр жемиши же баштуу жемиштер, жаңы, муздатылган же кургатылган, бүтүн же кесинди сага пальмасынын өзөгү

0714төн

21

Кокос жаңгагы, бразилиялык жаңгак жана жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз кешью жаңгагы

0801

22

Жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз башка жаңгактар

0802

23

Жаңы же кургатылган банандар, анын ичинде плантайндар

0803 00

24

Жаңы же кургатылган курмалар, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго жана мангостан же гарциния

0804

25

Жаңы же кургатылган цитрус жемиштери

0805

26

Жаңы же кургатылган жүзүм

0806

27

Жаңы коондор (анын ичинде дарбыз) жана папайя

0807

28

Жаңы алмалар, алмуруттар жана айвалар

0808

29

Жаңы абрикостор, чие жана гилас, шабдалы (анын ичинде нектариндер), кара өрүк жана терн

0809

30

Башка жаңы жемиштер

0810

31

0801-0806 товардык позициядагы жемиштерден тышкары кургатылган жемиштер; ушул топтогу жаңгактын аралашмасы же кургатылган жемиштер

0813

32

Кофеиндүү же кофеинсиз куурулбаган кофе

0901 11 000дөн, 0901 12 000дөн

33

Буудай жана меслин

1001

34

Кара буудай

1002 00 000 0

35

Арпа

1003 00

36

Сулуу

1004 00 000 0

37

Жүгөрү

1005

38

Күрүч

1006

39

Сорго даны

1007

40

Гречка, таруу жана канарейка жеми; башка дан өсүмдүктөр

1008

41

Буудай же кара буудай уну

1101 00

42

Буудай же кара буудайдан тышкары башка дан өсүмдүктөрүнөн алынган ун

1102

43

Акталган дан, кесек майдаланган ун жана дан өсүмдүктөрүнүн гранулдары

1103

44

1006 товардык позициясындагы күрүчтөн бөлөк, башка ыкмалар менен иштетилген (мисалы, акталган, жанчылган, хлопья түрүндө иштетилген, сечка түрүндө майдаланган же бөлүнгөн) жемиш дандары; хлопья түрүндө же майдаланган бүтүн, жанчылган өнгөн жемиш даны

1104

45

0713 товардык позициядагы майда жана кесек тартылган ун жана кургатылган буурчак жашылчаларынын порошогу

1106 10 000 0

46

Куурулган же куурулбаган угут

1107

47

Дан буурчактары, майдаланган жана майдаланбаган

1201

48

Куурулбаган же кандайдыр бир башка ыкма менен даярдалган, тазаланган же тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган жер жаңгагы

1202

49

Копра

1203 00 000 0

50

Майдаланган же майдаланбаган кендир үрөнү

1204 00

51

Майдаланган же майдаланбаган рапстын же кользанын үрөнү

1205

52

Майдаланган же майдаланбаган күн караманын үрөнү

1206 00

53

Майдаланган же майдаланбаган башка май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жана жемиштери

1207

54

Горчицанын үрөнүнөн башка үрөндөн же май өсүмдүктөрүнүн майда жана кесек тартылган үрөндөрүнүн же жемиштеринин уну

1208

55

Себүү үчүн үрөн, жемиштер жана споралар

1209

56

Негизинен парфюмерияда, фармацияда же инсектициддү, фунгациддүү же ошол сыяктуу максаттарда пайдаланылуучу, жаңы же кургатылган, бүтүн же талкаланган же майдаланган өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү (анын ичинде үрөндөр жана жемиштер)

1211 (1211 30 000 0, 1211 40 000 0 башка)

57

Кант кызылчасы

1212 91

58

Рожок дарагынын жемиштери, анын ичинде үрөндөрү

1212 92 000 0, 1212 99 410 0, 1212 99 490 0

59

Абрикостордун, шабдалылардын данектери (анын ичинде нектариндер) же кара өрүктөр же анын данектери; Cichorium intybus sativum цикорийдин тамырлары

1212 94 000 0, 1212 99 950 0 ичинен

60

Иштетилбеген, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, гранулдангандан башка пресстелген саман жана дан өсүмдүктөрүнүн шакелдери

1213 00 000 0дөн

61

Брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамырлуу жемиштер, чөп, беде, клевер, эспарцет, тоют капустасы, люпин, вика жана гранулданбаган ушул сыяктуу тоют продуктулары

1214төн

62

Бүтүн же талкаланган, чийки же куурулган какао-буурчактары

1801 00 000 0

63

Какаонун кабыкчалары, кабыгы, териси жана башка калдыктары

1802 00 000 0

64

Дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн тегирменге тартуунун же башка ыкма менен кайра иштетүүнүн гранулданбаган улпактары жана электен калган башка калдыктары

2302ден

65

Жмыхтар жана соя майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган башка катуу калдыктары

2304 00 000дөн

66

Жмыхтар жана жер жаңгагынын майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган башка катуу калдыктары

2305 00 000 0дөн

67

2304 же 2305 товардык позициялардын калдыктардан бөлөк, жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган өсүмдүк тоң майларынан жана майларынан алынуучу жмыхтар жана башка катуу калдыктар

2306дан

68

Топурактар жана грунттар

2530 90 000 9 ичинен

69

Агломерирленген же агломерирленбеген чым (анын ичинде майдаланган чым)

2703 00 000 0

70

Илимий-изилдөө максаттары үчүн гана пайдалануучу тирүү фитопатогендик бактериялар, вирустар

3002 90 500 0дөн, 3002 90 900 0дөн

71

Аралаш же аралашпаган, химиялык жактан иштетилген же иштетилбеген жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер; өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан алынуучу продуктуларды аралаштыруу же химиялык иштетүүдөн алынган жер семирткичтер

3101 00 000 0

72

Таарындылар, жарындылар, бутактар, чырпыктар же ошол сыяктуу отун жыгачтары Ийне жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары Жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары Опилкалар жана жыгач калдыктары жана агломерирленбеген скрап

4401 11 000 4401 21 000 0 4401 22 000 0 4401 40 ичинен

73

Кабыгы аарчылган же аарчылбаган же чел кабыктуу же чала брусталган же брусталбаган, иштетилбеген жыгач материалдары

4403төн (4403 10 000 башка)

74

Бондардык жыгач; жарылган таарындылар; жыгачтан жасалган свайлар, казыктар жана учталган. бирок тилинбеген мамылар; чала аарчылган, бирок учталбаган ийилбеген же башка ыкма менен иштетилбеген, тростторду, зонтторду, аспаптардын баштары үчүн же ошол сыяктуу буюмдар учүн пайдаланылуучу жыгач материалдары; аарчылган жана ошол сыяктуу жыгачтар

4404

75

Жыгач кабыгы

1404 90 000 8 ичинен 4401 40 900 0 ичинен

76

Темир жол жана трамвай жолдору үчүн, чыланбаган жыгач шпалдар

4406 11 000 0 4406 12 000 0

77

Тилинген же туурасынан жарылган, катмарларга бөлүнгөн же тазаланган, сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, жоондугу 6 мм ашык туурасынан бекитилген жана бекитилбеген жыгач материалдар

4407

78

Сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, сырлар, дарылар, антисептиктер жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка туурасынан бириктирилген же бириктирилбеген ар кандай кесиндилерден же тактайчалардан жасалган профилденген погонаж түрүндөгү (кырлары. оюктары бар, чеке жактары шпунтталган, жарым тегерек калевка фасондуу, иймектүү же ошол сыяктуу) тилинген материалдар (анын ичинде полду паркеттеп жабуу үчүн жыйналбаган планкалар жана фриздер)

4409дан

79

Жыгачтан жасалган ящиктер, коробкалар, тангактоочу клеткалар же корзиналар, барабандар жана ошол сыяктуу жыгач таралары, жыгач кабель барабандары, паллеттер, поддондор жана башка жүктөөчү калканычтар, жыгач обечайкалар, алар өз алдынча товар болуп саналат же өзүнчө деклавалияланат

441тен

80

Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка бетондоо үчүн опалубкалар

4418 40 000 0

81

Зоология, ботаника боюнча коллекциялар жана коллекция предметтери

9705 00 000 0дөн

2. Фитосанитардык коркунучу төмөн карантиндик продукция (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар)

1

Канаттуулардын канаттарынын жана алардын бөлүктөрүнүн порошогу жана калдыктары

2

Сөөктөрдүн жана мүйүздөрдүн өзөктөрүнүн порошогү жана калдыктары

0506 90 000 0дөн

3

Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген пияз

0712 20 000 0

4

Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген козу карын

0712 31 000 0, 0712 32 000 0, 0712 33 000 0, 0712 39 000 0

5

Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген башка жашылчалар, жашыл аралашмалары

0712 90 (0712 90 110 0 башка)

6

Керектөө таңгагына салынгандардан башка кофеиндүү куурулган кофе\*\*

0901 21 000дөн

7

Керектөө таңгагына салынгандардан башка кофеинсиз куурулган кофе\*\*

0901 22 000дөн

8

Кофе кабыкчалары жана кофе данынын кабыгы

0901 90 100 0

9

Керектөө тангагына салынгандардан башка көк чай (ферменттелбеген)\*\*

0902 10 000, 0902 20 000 0

10

Керектөө таңгагына салынгандардан башка кара чай (ферменттелген)\*\*

0902 30 000, 0902 40 000 0дөн.

11

Керектөө таңгагына салынгандардан башка мате же парагвай чайы\*\*

0903 00 000 0

12

Керектөө таңгагына салынгандардан башка татымалдар\*\*

0904 - 0910дөн

13

Тазалангандан, агартылган же боелгондордон башка негизинен сокмо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөрдөн алынган материалдар (мисалы, бамбук, ротанг, тростник, ситник, мажүрүм тал, рафия)

1401ден

14

Кебез линти

1404 20 000 0

15

Негизинен шыпыргыларга же щеткаларга пайдалануучу байланган, боолонгон жана үймө өсүмдүк материалдары (мисалы, шыпыргынын соргосу, пиассава, буудай баш, истль) Негизинен боео же малмага салуу үчүн пайдалануучу өсүмдүк материалдары

1404 90 000 0дөн

16

Гранулданбагандан башка тапиока

1903 00 000 0дөн

17

Аралаш чык

2103 90 900 9дан

18

Желуддар жана жылкы каштаны

2308 00 400 0дөн

19

Чектелүү негиздеги хлоридхолини бар жаныбарлардын тоюту үчүн пайдаланылуучу продуктулар

2309 90 960 1

20

Гранулданбаган, жаныбарлардын тоюту үчүн пайдаланылуучу башка продуктулар

2309 90 960 9 ичинен

21

Чийки тамеки; тамеки калдыктары

2401

22

Хна жака басма (керектөө таңгактарына салынбаган)

3203 00дөн

23

Бодо малдын (анын ичинде буйволдор), жылкы тукумундагы жаныбарлардын, койлордун, козулардын жана башка жаныбарлардын кылдуу же жүндүү же кылсыз жана жүнсүз каптоосуз, кошо капталган же кошо каптоосуз иштетилбеген терилери, Бажы союзунун Бажы кодексинин 41-тобунун 1б же 1в эскертүүсүндө алып салынгандардан башка

4101ден, 4102ден, 4103төн

24

Клейленген фанералар үчүн же ошол сыяктуу катмарлуу жыгачтар жана башка жыгач материалдары үчүн тилинген, катмарларга бөлүнгөн же тазаланган. сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, туурасынан бириктирилген же бириктирилбеген жоондугу 6 мм ашпаган, сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка каттоо үчүн такталар (анын ичинде катмарлуу жыгачты бөлүү менен алынгандар)

4408тен

25

Бочкалар, майда бочкалар, чаңдар, челектер жана башка бондардык буюмдар жана алардын жыгачтан жасалган бөлүктөрү, анын ичинде сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилбегенден башка клепкалар

4416 00 000 0дөн

26

Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка терезелер, балкон эшиктери жана алардын рамалары

4418 10дон

27

Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка эшиктер жана алардын рамалары, босоголору

4418 20дан

28

Сырлар, дарыялар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка гонт жана чатыр дранкасы

4418 50 000 0дөн

29

Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка тилкечелерге жана ленталарга бириктирилген же бириктирилбеген, согулган жана согуу үчүн материалдардан жасалган ошол сыяктуу буюмдар; сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка өсүмдүк материалдарынан жасалган килемчелер, бойролор жана ширмалар

4601ден

30

Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилбегенден башка сокмо үчүн материалдардан түздөн-түз формасы боюнча даярдалган себет, согулган жана башка буюмдар; сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка люф бүюмдары

4002ден

31

Гофрирленген, перфорирленген же перфорирленбеген кагаздар жана картон

4808 10 000 0

32

Гофрирленген кагаздан же гофрирленген картондон жасалган ящиктер жана коробкалар

4819 10 000 0дөн

33

Жандыруу үчүн жарактуу жибек куртунун кокондору

5001 00 000 0

34

Жибек калдыктары (анын ичинде жандыруу үчүн жараксыз кокондор, кокон жиптеринин калдыктары жана таралган чийки зат)

5003 00 000 0

35

Кыркылган, жуулбаган жүн, анын ичинде кардого алынбаган рунада жуулган же таралган жүн

5101 11 000 0

36

Кардого алынбаган же таралган жаныбарлардын майда же жоон кылдары

5102

37

Карбонизделбеген жаныбарлардын жүндөрүнүн же майда кылдарынын таралган калдыктары

5103 10 100 0

38

Кардого алынбаган же таралган пахта буласы

5201 00

39

Пахта буласынын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат)

5202

40

Чийки кендир же иштетилген, бирок ийрилбеген кендир; кендирдин тарак калдыктары жана калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат)

5301

41

Кендир буласы (Cannabis sativa L.), чийки зат же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат)

5302

42

Жут буласы жана текстилдик була буюмдары ; (кендирден, кендир буласынан жана рамиден башка), чийки зат түрүндөгү же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана бул булалардын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат)

5303

43

Кокос жаңгагынын буласы, абаки (манила буласы же Musa textilis Nee), рами жана башка текстилдик өсүмдүк булалары, башка жерде аталбаган же киргизилбеген, чийки зат түрүндөгү же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана бул булалардын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат)

5305 00 000 0

Ушул Тизмени пайдалануу максаттары үчүн БС ТЭИ ТНнын коддорун, ошондой эле товардын аталыштарын жетекчиликке алуу зарыл.

\*\*) Керектөө таңгагы катары продукция менен бирге түздөн-түз керектөөчүгө тийиүүчү жана товардын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, өзгөчө ташуу үчүн арналбаган жана чектелген массага сыйымдуулукка жана өлчөмдөргө ээ болгон таңгак түшүнүлөт (Металл, айнек жана полимер банкалары, алюминий фольгасынын негизиндеги, ламинирленген термобышырылган материалдардан жасалган пакеттер жана металлдашкан пленкалар, вакуумдук пакеттер, калың кагаздан жасалган герметикалык пакеттер).
