# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17653/edition/924823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому (09.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97042

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-октябры № 595 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн иштерин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Линиялык-техникалык байланыш түйүнү» мамлекеттик ишканасын жана «Информациялык-коммуникациялык технологиялар борбору» мекемесин жойсун.

4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
