Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 января 2019 года № 5 "О реорганизации Государственного учреждения "Транском" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-01-09.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-октябры № 595 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн иштерин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Линиялык-техникалык байланыш түйүнү» мамлекеттик ишканасын жана «Информациялык-коммуникациялык технологиялар борбору» мекемесин жойсун.
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 746 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын…Положение · 10.10.2014 · № 595 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 436 токтомуПостановление · 08.08.2016 · № 436
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуПостановление · 09.01.2019 · № 5
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском"…Постановление · 09.01.2019 · № 5
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө ЖОБО " (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген)Постановление · 09.08.2016 · № 436
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон