Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2025 года № 245 "Об утверждении Положения о порядке прохождения военной службы по контракту (пребывания в запасе) офицерским составом и прапорщиками в Вооруженных Силах, других воинских формированиях и государственных органах Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-октябры № 572
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 73-пункт:
"башка тең кызматка" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми мындай кызмат болбогон учурда - офицердин өзүнүн макулдугу боюнча бир баскычка төмөн турган кызматка" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Офицерлер командирдин (начальниктин) карамагында турган мезгилде командачылыктын чечими боюнча кадр органдары аларга башка бош тең кызматка же бир баскычка төмөн турган кызматка дайындоону эки жолудан кем эмес сунуштоого милдеттүү. Ар бир баш тартуу же сунушталган кызматка макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк ишине тиркелет. Командирдин (начальниктин) карамагында белгиленген мөөнөттөн ашык турган офицерлер сунушталган кызматтан кезектеги баш тартуудан кийин аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.";
- 186-пункт төмөнкү мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
"61) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкүлөрдү күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишенимден кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн:
- түздөн-түз акчалай жана товардык баалуулуктарды тейлеген аскер кызматчылары күнөөлүү аракеттерди жасагандыгына;
- ишкердик иштин каалаган түрү менен алектенгенине;
- динге карата тигил же бул мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганына;
- саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына ар кандай түрдө көмөк көрсөткөнүнө жана мүчө болгонуна;
- профсоюздарга мүчө болгонуна, иш таштоолорду уюштурганына жана аларды өткөрүүгө катышканына;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан же аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун начальнигинин) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик иш менен байланышкан иштерди кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда айкалыштыруучулук боюнча иштегенине;
- "кызматтык пайдалануу үчүн" чектөө грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз чет элдик юридикалык жана жеке адамдарга бергенине;
- башка мамлекеттин жарандыгы бардыгын жаап-жашырганына;
- мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияга атайын туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергенине;";
- 187-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) штаттарды кыскартуу боюнча же ушул Жобонун 73-пункту менен белгиленген командирдин (начальниктин) карамагында болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, аны колдонууга мүмкүнчүлүгү болбогон же ага сунушталган кызматтардан баш тарткан учурда;".
2. Аскердик кызмат каралган министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 10-октябрында № 78 жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Положение · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон