Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 „Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-октябры № 585 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:
1. 12.2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөнкүдөй кылмыштар үчүн шектүүлөр жана айыпталуучулар: өлтүрүү, адамдын ден соолугуна атайылап оор зыян келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү күч колдонгон аракеттер, каракчылык, террорчулук, барымтага алуу, мыйзамсыз түрдө куралдуу түзүлүштөрдү уюштуруу же ага катышуу, кескичилик;";
- 4.13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Цензураны аткаруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болсо, катты берүүнүн мөөнөтү которуу үчүн керек болгон убакытка, бирок экиден ашпаган күнгө узартылат";
- 4.17-пункттун биринчи абзацындагы "мүмкүн болушунча" деген сөздөр алып салынсын;
- 5.6-пункттагы "туугандарына жана прокурорго дароо" деген сөздөр "жакын туугандарына, прокурорго жана тергөөчүгө дароо ( "бир сааттан кечиктирбей")" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2006 · № 57
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон