# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 580
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17643/edition/711289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97030

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 580 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Республиканын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда бажы жана чек ара кызматтары менен биргеликте санитардык-карантиндик пункттардын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев
