Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 736 "Об утверждении Порядка осуществления санитарно-эпидемиологического надзора (контроля) за лицами, транспортными средствами, товарами и грузами, перемещаемыми через Государственную границу Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 580 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Республиканын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда бажы жана чек ара кызматтары менен биргеликте санитардык-карантиндик пункттардын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына…Постановление · 06.12.2024 · № 736
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун)…Положение · 07.10.2014 · № 580 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 апрелиндеги № 170 токтомуПостановление · 01.04.2016 · № 170
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги №175 токтомуПостановление · 01.04.2015 · № 175
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына…Постановление · 06.12.2024 · № 736
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 19.03.1999 · № 27 · Күчүн жоготкон