# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17641/edition/711283/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97028

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-октябры № 569 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоосу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контролдоо) жөнүндө”;

- 1-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, жетинчи абзацтары жана 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 2.3.-пунктта:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“физикалык факторлордун деңгээлин мамлекеттик текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө тийиштүү ырастамасы бар өлчөөчү приборлордун жардамы менен өлчөө;”;

- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- 2.5.-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2.5. Объектке жүргүзүлгөн лабораториялык-аспаптык изилдөөнүн жыйынтыгы өлчөөлөрдүн протоколуна киргизилет.”;

- 2.6.-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
