# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17640/edition/711264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтому (01.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97027

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-октябры № 568 Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 “Бажы союзунда санитардык чараларды колдонуу жөнүндө” чечиминин 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жободо:

- 7-пунктта:

- в) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:

(бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- продукцияны (товарлардын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн реестрин жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүчү (контролдонуучу) продукцияга (товарларга) карата санитардык-карантиндик контролдоону ишке ашырат жана координациялайт;

- коммуналдык-тиричилик багытындагы, тамак-аш өнөр жайы, коомдук тамактануу, соода, суу менен камсыздоо объекттерине, эмгек шарттары зыяндуу объекттерге, дарылоо-алдын алуу жана билим берүүчү уюмдарга, спорттук, туристтик, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жана жалпы эс алуучу жайларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жана контролду камсыздайт;”;

- г) пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

“- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк чөйрөнүн объекттеринин техникалык регламенттерине, анын ичинде Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына жана Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 “Бажы союзунда санитардык чараларды колдонуу жөнүндө” чечиминин 1-пункту менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тийиш болгон товарларга карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигине жана шайкеш эместигине санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт;”. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175 токтомдун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
