# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17634/edition/1034291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97016

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 579 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын административдик мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:

"Администрациялык ведомстволор, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти" сабындагы "Администрациялык ведомстволор," деген сөздөрдөн кийин "Улуттук гвардия" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар)".

2. Бул токтом 2014-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев
