Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-октябры № 564 2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2014-жылдын 1-октябрынан тартып 250 сомго жогорулатылсын.
2. 2014-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган 1-топтогу майыптардын майыптыгы боюнча пенсиялары мыйзамдарда белгиленген компенсациялык төлөөлөрдү жана үстөктөрдү эске алуу менен жогорулатылсын:
- 4400 сомго жетпеген пенсиялардын өлчөмү - 4400 сомго чейин, мында камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү 300 сомдон кем болбошу керек;
- 4400 сомдон ашкан пенсиялардын өлчөмү - камсыздандыруу бөлүктөрүн 300 сомго көбөйтүү менен.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 513 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57