# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-октябрындагы № 563 "Курман айт күнү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-октябрындагы № 563 "Курман айт күнү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17626/edition/1145086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-октябрындагы № 563 "Курман айт күнү жөнүндө" (01.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97006

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-октябры № 563 Курман айт күнү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 6-октябры дем алыш күн болуп эсептелсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
