# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 553
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17625/edition/584031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (29.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-сентябры № 553 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставынын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "14. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Министрлик сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт. Башкы директор кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт. Башкы директордун орун басары Министрликтин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
