Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-сентябры № 553 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставынын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "14. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Министрлик сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт. Башкы директор кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт. Башкы директордун орун басары Министрликтин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №360 "«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 360 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №360 "«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 360 · Күчүн жоготкон