Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-сентябры № 545 "Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" (мындан ары - Нагоя протоколу) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Нагоя протоколунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын бюджетине мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасы Нагоя протоколуна кошулгандан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин тиешелүү жылга сметасында каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктуү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны Депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы №4696-V «Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк…Постановление · 21.01.2015 · № 4696-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 4755-V "Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы…Постановление · 05.02.2015 · № 4755-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 4754-V "Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы…Постановление · 05.02.2015 · № 4754-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө caлуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциягя карата…Закон · 02.03.2015 · № 42
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон