Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Экономикалык жана чарбалык ишинин негиздери
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · III бөлүм
Транспортто экономикалык жана чарбалык мамилелердин негиздерин транспорт кызматына суроо жана сунуш-талаптардын рыногу түзөт. Транспорт ишканалары заказчынын керектөөсүнө ылайык иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө өз алдынча пландарды иштеп чыгып, келишимдерди түзөт. Рентабелдүүлүгү колдонуудагы жөнгө салынуучу тарифтер менен камсыз кылынбаган жүргүнчүлөр транспортунун ишканалары тиешелүү түрдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден дотацияланат. Акысыз жүрүү укугун кошкондо, айрым категориядагы адамдарга транспорт кызматынан пайдаланууда жеңилдик берүүдө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары транспорт ишканаларынын кирешесинин буга байланыштуу тарткан чыгымдарын компенсациялоонун булагын аныктайт. Вокзалдарда, станцияларда, пристандарда, жүргүнчүлөр платформаларын жана калкты тейлөө боюнча башка объектилерди куруу мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Автовокзалдардын, автостанциялардын, автопавильондордун кызмат көрсөтүү иштерин уюштуруу жол жүрүүгө байланышкан бардык операцияларды аткарууда аз убакытты сарптоо менен жүргүнчүлөргө бардык ыңгайлуулуктарды түзүп берүүгө тийиш. Автовокзал, автостанция шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү жана областтар аралык жана эл аралык маанидеги шаарлардын чет жакаларындагы маршруттарды тейлөөгө арналышкан. Мамлекеттик портторду жана суу жолдорун пайдалануу үчүн, ошондой эле аба транспортунда учууну башкаруу үчүн юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана өкмөттөр аралык макулдашуулар менен аныктала турган тартипте жана өлчөмдө акы алынат. (КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 36, 2006-жылдын 15-июлундагы № 111, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2006 года № 111 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О транспорте"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 февраля 2006 года №36 " О внесении дополнений и изменений Закон Кыргызской Республики «О транспорте»Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/97/st-7" title="7-статья - Транспорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>