# 4-статья. Транспортко тиешелүү жерлер

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/97#diff=454900..454901>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 4-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-4

---

Транспортко тиешелүү жерлерге: жерди пайдалануучу транспорт объектилерине бөлүп берген жерлер; транспорт жолдорун жана өткөөлдөрүн курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү ишке ашыруучу транспорт, жол жана башка ишканалар транспорттук жолдор жана өткөөлдөр үчүн бөлгөн жерлер. Транспортко жер бөлүүдө пайда болуучу жер мамилелери, транспортту пайдалануу тартиби, анын ичинде калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин бөлүп берүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ошондой эле ага ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченем актылары менен жөнгө салынат. Жер кулап түшкөн, көчүп, жуулуп кеткен, селге жана башка коркунучтуу табият таасирлерине дуушар болгон райондордо транспорт курулуштарын жана башка объектилерин ишенимдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында коргоочу зоналар түзүлүшү мүмкүн. Транспорт ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди башка ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жана граждандарга жүктөрдү сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана транспорттун иши менен байланышкан башка максаттар үчүн убактылуу пайдаланууга бере алышат. (КР 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-5)
