# 3-статья. Транспорттогу менчик жөнүндө

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/97#diff=454906..7940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 3-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-3

---

Кыргыз Республикасында транспорт менчиктин тариздеринин (формасынын) көп түрдүүлүгүнө негизденет. Транспортту менчиктөөчүлөрдүн бардыгы мыйзам алдында бирдей. Транспортто мамлекеттик менчикке төмөндөгүлөр кирет:

- жалпы пайдалануудагы темир жана автомобиль жолдору жана андагы инженердик курулуштар;

- магистралдык трубопроводдор;

- кеме жүрүүчү суу жолдору, маяктар, ошондой эле кыймыл коопсуздугун жөнгө салган жана гарантиялаган жасалгалар жана навигациялык белгилер;

- аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жасалгалары, коммуникация тармагы, аба кемелерин, авиациялык ташууларды тейлөө технологиясы жана учууну камсыз кылуу менен байланышкан инженердик тармактар.

Транспортто мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-4)
