# 2-статья. Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 февраля 2006 года №36 " О внесении дополнений и изменений Закон Кыргызской Республики «О транспорте»](https://aqlex.ai/kg/doc/1824)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/97#diff=454901..454902>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 2-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-2

---

Автовокзал - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75тен көбүрөөк адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчун перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сактоочу жайы, эне менен баланын бөлмөсү, айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай. Автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75ке чейинки адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай. Автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автожолдордун боюна жайгашкан линиялык имарат жай. Кыргыз Республикасынын транспорту - бул республиканын аймагында катталган автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспорту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын менчигинде турган магистралдык трубопровод транспорту. Ташуучу - бул менчиктөө укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде өзүнүн транспорт каражаты бар, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, жүктү жана почтаны акыга же жалданып ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жана тийиштүү чечими же буга белгиленген тартипте берилген лицензиясы бар юридикалык же жеке жак. Транспорт ишканасы - бул ташуучу болуп саналган жана жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана почтаны ташуу, транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча чарбалык-коммерциялык иш жүргүзгөн, транспорт иши менен байланышкан кызматтардын башка түрлөрүн көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенген юридикалык жак. (КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-3)
