# 19-статья. Транспорт жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелер

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 19-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-19

---

Кыргыз Республикасынын транспортун мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашууларды жана келишимдерди түзүү укугу менен транспорт жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерде республиканын кызыкчылыгын билдирет. Транспорт ишканалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен тышкы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп жана продукцияны экспорттоп (импорттоп), иш жана кызмат көрсөтө алышат. Эгерде эл аралык, мамлекеттер аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда тийиштүү келишимдин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-20)
