# 17-статья. Транспорт коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 17-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-17

---

Транспорт каражаттарын кабыл алган, чыгарган же тейлеген транспорт ишканалары жана ташуучулар транспорт коопсуздугунун эрежелерине ылайык транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн аны коргоо боюнча чара көрүүгө милдеттүү. Транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн аны коргоо төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат: башка бирөөлөрдүн транспортко аралашуусуна жол бербөө; транспорт токтогон жайларда башка бирөөлөрдүн транспорт каражаттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербей, транспорт каражаттарын кайтаруу; транспортто ташууга тыюу салынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, радиоактивдүү, ууландыруучу, тез от алуучу жана башка коркунучтуу заттарды мыйзамсыз ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербөө; курал-жарактарды жана ок-дарыларды ташууда копсуздуктун өзгөчө чараларын киргизүү менен, аларды транспорт каражаттарында жүргүнчүлөрдөн обочо жүк ташылуучу жайда, дүрмөттөлбөгөн абалда ташууну камсыз кылуу; эгерде транспорт жөнүндө мыйзам актыларында буга жол берилсе, атайын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө; транспорт каражаттарын транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу, ошондой эле транспорт каражатынын мыйзамга каршы пайдаланылышына жол бербеген техникалык каражаттар менен жабдуу; транспортту мамлекеттик башкаруу органы атайын иштеп чыккан ченемдик укуктук актылар менен, алар жардыргыч, радиоактивдүү, ууландыруучу, тез от алуучу заттарды жана буюмдарды ташууда коопсуздук чараларын, техникалык ченемдерди жана копсуздук эрежелерин, ошондой эле транспорт коопсуздугун камсыз кылуу менен транспорттун ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө каршылык көрсөтүү чараларын камтыйт.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-18)
