# 14-статья. Ташуучунун жоопкерчилги

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 14-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-14

---

Ташуучу жүктү, кол жүгүн жана почтаны кабыл алган учурдан тартып ээсине бергенге чейин сакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды кошпогондо, ташуучунун жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен жоопкерчиликти чектөө же четтетүү жөнүндө макулдашуусу жараксыз. Ташуучу ташууга кабыл алынган жүктүн жоголушу, жетпей калышы жана зыянга учурашы үчүн жооп берет, өз күнөөсү менен келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга төлөп берет. Ташуучу зыян тартуу жабырлануучунун арамзалыгынын же табияттын баш ийгис күчүнүн кесепетинен пайда болгондугун далилдей албаса, ташуу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнүн же саламаттыгына залал келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан зыян тартуу үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жоопкерчиликтин башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-15)
