# 13-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу

- Документ: [Транспорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/97)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 "Транспорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-86/edition/454899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Транспорт жөнүндө, 13-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-13

---

Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү квалификациясы бар жана ден соолук абалын медициналык жактан күбөлөндүрүүдөн өткөн адамга берилет. Транспорт каражаттарын башкаруу боюнча квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. Транспорт каражатын башкарууга адамдын саламаттык абалынын жарактуулугуна баа берүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте медицина кызматкерлери тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/97/st-14)
