# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17620/edition/583372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (24.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96999

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-сентябры № 547 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 11-пункту "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурда "социалдык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев
