# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17617/edition/1258373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96996

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 19-сентябры № 540 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706, 2017-жылдын 1-артындагы N 131 токтомдорунун редакциясына ылайык) Ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пунктта:

мамлекеттик тилдеги тексттин экинчи абзацындагы “10-күнүнөн” деген цифралар жана сөз “20сынан” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасында:

3-бапта: мамлекеттик тилдеги тексттин он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү.”; расмий тилдеги тексттин он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; “Эмгекке акы төлөө системасынын бирдей түргө келтирилген жаңы моделин иштеп чыгуу” деп аталган биринчи бөлүмдүн жетинчи абзацындагы “саясий жана” деген сөздөр алып салынсын;

- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту):

- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту):

- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту):

- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту):

- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту):

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-артындагы N 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-артындагы N 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4-баптын 4.1-пунктунун экинчи абзацы “өз убагында аткарылышы жана тартиби” деген сөздөрдөн кийин “, этиканын ченемдерин сактоо” деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “

10.

Минималдуу эмгек акынын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес көлөмдө белгилөө

Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жана кийинки жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү

2014-2020-жылдар

ЭМЖМ, ФМ, МКК (макулдашуу боюнча)

Минималдуу эмгек акынын өлчөмүн этабы менен жашоо минимумуна чейин келтирүү

”. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706, 2017-жылдын 1-артындагы N 131 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
