# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 531
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17615/edition/1235287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96993

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-сентябры № 531 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)

Асыл тукум жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо, "Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" мамлекеттик мекеменин андан ары натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун бешинчи абзацы жана 4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
