# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 534
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17614/edition/691219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96992

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 754 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-сентябры № 534 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча андан аркы чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 31 Мыйзамы менен ратификацияланган, Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жер участоктору "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.

3. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна андан ары "Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары киргизүү үчүн, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Нарын облусунун Нарын районундагы жер участокторун Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын курууга пайдалануу укугу өткөрүлүп берилсин.

4. "Электр станциялары" ачык акционердик коому "Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын объектилерин натуралай (жеринде) куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чектери белгиленгенге чейин Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын объектилерин куруу болжолдонгон зонада жер казыналарын пайдаланууга укук берүүнү "Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары" жабык акционердик коомунан башкасына токтотуп турсун;

- "Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары" жабык акционердик коому менен долбоордун технико-экономикалык негиздемесинде жана долбоорлоо-сметалык документтеринде аныкталган жана ушул токтомдун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын курулуш иштерин жүргүзүү мезгилинде жер казыналарын пайдалануу укугун берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

7. Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана Нарын районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын объектилерин куруу болжолдонгон зонада жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө кайрылууларды кароону жогоруда аталган объектилерди натуралай (жеринде) куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чектери белгиленгенге чейин токтотуп турушсун.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары" жабык акционердик коомуна тиешелүү корутундуларды, уруксат берүүчү документтерди алууга, долбоордук документтерди макулдашууга жана мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат берүүгө көмөк көрсөтсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункттун үчүнчү абзацындагы "2013-жылдын 1-декабрына" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-ноябрына" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 токтомуна 1-тиркеме

"Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары" ЖАКнын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн пайдалануу укугу "Электр станциялары" ААКга өткөрүлүп берилүүчү жер участокторунун СХЕМАСЫ

(Орусча вариантын караныз)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 токтомуна 2-тиркеме

"Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары" ЖАКнын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн пайдалануу укугу "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилүүчү жер участокторунун экспликациясы

Нарын-1 гидроэлектрстанциясынын объектилерин курууга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун экспликациясы

№

Айылдык аймактын аталышы

Жалпы аянты (га)

Анын ичинде (га)

Бардык айдоо жерлери

Анын ичинде

Кысыр аңыз

Жайыт

Башка бак-дарактар отургузулган участок

Суу астындагы жерлер

Башка жерлер

Тиешеси жок жерлер

Сугат айдоо жерлери

Кайрак айдоо жерлери

АЖМФ

АЖМФ

1

Орток

39,22

7,79

2,87

4,92

1,86

23,14

1,73

3,39

1,31

\-

2

Чет-Нура

22,57

16,25

0,86

2,25

3,21

\-

3

Дөбөлү

5,37

4,85

0,09

0,43

\-

Бардыгы:

67,16

7,79

2,87

4,92

1,86

44,24

2,59

5,73

4,95

\-

Ак-Булуң гидроэлектрстанциясынын объектилерин курууга бөлүнүп берилүүчү жерлердин экспликациясы

№

Айылдык аймактын аталышы

Жалпы аянты (га)

Анын ичинде (га)

Бардык айдоо жерлери

Анын ичинде

Кысыр аңыз

Жайыт

Башка бак-дарактар отургузулган уч.

Суу астындагы жерлер

Башка жерлер

Тиешеси жок жерлер

Сугат айдоо жерлери

Кайрак айдоо жерлери

АЖМФ

АЖМФ

1

Орток

145,45

55,1

51,83

3,27

5,65

52,45

7,2

4,6

1,93

18,52

2

Чет-Нура

99,8

93,06

0,67

3,44

2,63

Бардыгы:

245,25

55,1

51,83

3,27

5,65

145,51

7,87

8,04

4,56

18,52

Эскертүү: АЖМФ - айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 токтомуна 3-тиркеме

Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу болжолдонгон жана аны куруу үчүн багытталган зонада жайгашкан кендердин (карьерлердин) ТИЗМЕГИ

№

Схемадагы кендердин аталышы жана №, пайдалуу кендердин тобу

ГЭСтин плотинасы жайгашкан нуктан алынган аралык км менен

Талап кылынган саны - миң м3 менен

Геологиялык индекси

Кенди ачуу үчүн казылган кыртыштардын көлөмү миң м3 менен

Орточо калыңдык м менен

Запастар миң м3 менен

Запастардын категориялары

Кенди ачуу үчүн казылган кыртыштыкы

Пайдалуу кендики

Бетон үчүн

Кыртыштан ныкталган куруулар үчүн

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

1

№ 1 кен - 4-топ, курулуш таштары

Нарын дарыясынын оң жээги, Ак-Булуң ГЭСнен 3,5-4 км төмөн

64127

PR

98

1,0

68,5

6713

"C1"

2

№ 2 кен - 4-топ, курулуш таштары

Нарын дарыясынын сол жээги, Ак-Булуң ГЭСнен 3,5-4 км төмөн

PR

1764

4,0

23,0

10363

"С1"

3

№ 3 кен - 4-топ, кыш-черепица чийки заты (топурактуу), инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги, Ак-Булуң ГЭСнен 0,4 км төмөн

1590

288 чопо

aQIII-IV

5637

10,0

8,5

4792

"С1"

4

№ 5 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги, Ак-Булуң ГЭСнин имаратынан 0,7 км

1590

aQIII

56

0,5

9,7

1095

"С1"

5

№ 46 кен - 4-топ, кирпич, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Кичи-Нарын суусунун сол жээги, Нарынга куйган жеринен 0,8 км жогору. Ак-Булуң ГЭСи

aQIII

90

1,0

4,0

360

"C1"

6

№ 7 кен - 4-топ, жеңил толтургучтарды өндүрүү үчүн чийки зат (чопо)

Нарын дарыясынын оң жээги, Нарын-1 ГЭСден 5,5 км төмөн

288

pQIII-IV

\-

\-

6,1 10,0

11425

16880

"C1"

7

№ 4 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги, Нарын-1 ГЭСден 3,5 км төмөн

1824

aQIII-IV

138

0,2

10,6

7240

"C1"

8

№ 51 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Кайынды суусунун өрөөнү, Нарын-1 ГЭСден 3,5 км төмөн

aQIV

\-

\-

5,1

450

"C1"

9

№ 30 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги, Нарын-1 ГЭСден 3,5 км төмөн

173

Edg

23,8

0,2

17,0

230

"C2"

10

№ 29 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын оң жээги, Нарын-2 ГЭСден 3,5 км төмөн

190

aQIII-pQIII

106

0,2

8,0

4232

"C1"

11

№ 28 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шап таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги, Нарын-2 ГЭСден 4,3 км төмөн

1214

aQIV

231

0,2

8,0

9232

"C1"

12

№ 22 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын оң жээги, Нарын-3 ГЭСден 2,0 км төмөн

112

aQII

380

0,2

5,0

9485

"С1"

13

№ 9 кен - 4-топ, инерттүү материалдар (кум-шагыл таш топтолгон катмары)

Нарын дарыясынын сол жээги (Дөбөлү айылы), Нарын-3 ГЭСден 1,2 км төмөн

908

aQIII

65

0,2

6,0

1957

"C1"
