# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 524
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17611/edition/701932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96988

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-сентябры № 524

Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)

Эркин экономикалык чөлкөмдөрдө товарлардын бажы контролунун тартибин аныктоо максатында, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускама бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" газетасынын 2014-жылдын 12-сентябрында № 71 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Дж.Оторбаев
