# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 529
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17609/edition/582722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (12.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 12-сентябры № 529 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутууну каржылоо маселелерин мамлекеттик тапшырыктын алкагында чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

“12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылуучу окутуучулардын эмгек акысы жыл сайын бекитилүүчү окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун алкагында белгиленет.”;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“

4.

Окутууга мамлекеттик тапшырыктын алкагында окутулуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар

350

350

300

”.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыктын бюджетин түзүүдө пайдалануу үчүн бир угуучуну 1 академиялык сааттын ичинде окутуу наркынын ченеми 28,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу” 2215-беренесинин чыгымдарды экономикалык классификациялоо 22153100 “Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдары” элементин каржылоону артыкчылыктуу тартипте ишке ашырсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
